Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭнергетика министрлиги Казакстандын айыптоосуна жооп берди

Энергетика министрлиги Казакстандын айыптоосуна жооп берди

Энергетика министрлиги Казакстандын айыптоосуна жооп берип, 14-августтагы электр энергиясынын жапырт өчүшүнө байланыштуу бардык жоопкерчиликти Кыргызстанга жүктөө туура эмес экенин билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун кыска убакытка өчүп, Кыргызстандын энергетикалык тутуму өз алдынча иштөөгө өткөн. Энергетиктер 18 мүнөттө жыштыкты калыбына келтирип, коңшу өлкөлөргө 250 мегаваттка жакын электр кубатын берген.

Министрлик Алматынын энергетикалык түйүнү жыштык калыбына келгенден кийин өчкөнүн белгиледи. Ошондуктан башка өлкөлөрдөгү электр үзгүлтүктөрүнүн себептерин өзүнчө иликтөө зарыл экенин билдирди.

Буга чейин Казакстандын KEGOC компаниясы Токтогул ГЭСиндеги жалпы кубаттуулугу 600 мегаватт болгон эки гидрогенератордун өчүшү өлкөнүн электр тармагына күч келтирип, сегиз облуста жарыктын өчүшүнө алып келгенин билдирген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар