Башкы беткеКоомБишкекте Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин көрүү үчүн 13 фан-зона ачылат

Бишкекте Көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитин көрүү үчүн 13 фан-зона ачылат

Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары-2026нын ачылыш аземин жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирден көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул үчүн борбор калаада 13 фан-зона уюштурулуп, алардын негизги аянтчасы Ала-Тоо аянтында жайгашат. Мындан тышкары, фан-зоналар Бишкектин төрт районунда тең иштейт.

Атап айтканда, Октябрь районунда — “Тунгуч-1” скверинде, “Ынтымак-2” паркындагы амфитеатрда жана Д. Асанов атындагы паркта; Ленин районунда — Фучик атындагы паркта, Ак-Өргөдөгү “Ашар” паркында жана Жал кичи районундагы “Муун» скверинде уюштурулат.

Биринчи Май районунда фан-зоналар Ч. Түлөбердиев атындагы паркта, Токтоналиев көчөсүндөгү спорт комплексинде жана Ак-Босогодогу скверде, ал эми Свердлов районунда “Алга” спорт комплексинде, №66 жана №21 мектептердин аймагында жайгашат.

Бардык аянтчаларда LED-экрандар орнотулуп, алар аркылуу ачылыш аземи жана ШКУ саммитинин негизги иш-чаралары түз эфирде көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, фан-зоналарда концерттик программалар, фотозоналар, көргөзмөлөр, фуд-корттор жана эс алуу жайлары уюштурулат. Коноктор тогуз коргоол, чүкө жана беш таш сыяктуу улуттук оюндарга да катыша алышат.

Фан-зоналардын иштөө убактысы тууралуу маалымат иш-чараларга жакынкы күндөрү кошумча жарыяланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар