Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгы текшерилет

Жаңы окуу жылына карата мектептердин даярдыгы текшерилет

Бүгүн, 17-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеси болду. 

Анда Касымалиев өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын тез арада тактоону тапшырды.

Анын айтымында, курулуш жана оңдоо иштери уланып жаткан мектептер өзгөчө көзөмөлдө болушу керек. Ошондой эле объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү боюнча кечигүү тобокелдиктерин аныктап, мектептердин эмерек, окуу жабдуулары жана зарыл инфраструктура менен толук камсыздалышын текшерүү зарыл.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага жаңы окуу жылы башталганда курулуш, оңдоо же жабдуу иштеринен улам окуу процессине тоскоолдук жаралбашын камсыз кылуу тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар