Башкы беткеКоомБишкекте бюджеттик уюмдардын кызматкерлери 1-сентябрда эс алышат

Бишкекте бюджеттик уюмдардын кызматкерлери 1-сентябрда эс алышат

1-сентябрь — Бишкек шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болот. Бул күнү алардын орточо күндүк эмгек акысы сакталат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим Министрлер Кабинетинин токтому менен кабыл алынган.

Ал эми 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү — мыйзамга ылайык расмий майрамдык эс алуу күнү болуп эсептелет.

Жеке менчик мекемелерге 1-сентябрды эс алуу күнү катары белгилөө сунушталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар