Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чаралардын, тагыраагы ШКУ саммитинин, бир катар мамлекеттик визиттердин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Буга чейин пресс-катчы Аскат Алагөзов да ушундай мааниде эл-журтка кайрылган.
Дайырбек мырза өлкөбүздөгү маанилүү эл аралык масштабдагы иш-чараларга байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылып, кыймылга чектөөлөр киргизилерин алдын ала коомчулукка айтылып келгенин эске салды. “Албетте, бул айрымдарыбызга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок келгиле, ушул күндөрү бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, сабырдуулугубуз жана маданиятыбыз менен үлгү бололу.Келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилин, намысын, маданиятын жана адамгерчилигин көрүп кетсин” – дейт Дайырбек Орунбеков.
Ири саммиттер жана чоң иш чаралар учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жарандарга айрым чектөөлөр киргизилмеги универсал көрүнүш. Тарыхты жана бүтүн дүйнөнү кеп кылсак – узак кеп. Андыктан соңку эки мисал менен чектелели. Быйыл 15-17-июнда өткөн чон жетиликтин (G7) саммити учурунда Швейцария менен Франциянын ортосунда чек ара жабылып, саммит өтө турган Эвиан-ле-Бен (Жогорку Савойя департаменти) шаарчасына жакын аймактарга каттаган поезддерге, автокыймылга бир нече күнгө тыюу салынган (https://ru.euronews.com/my-europe/2026/06/11/sammit-g7-franciya-i-shvejcariya-vozvrashayut-pogranichnyj-kontrol).
Ал эми Анкарада ушул жылы 7-8-июлда өткөн НАТОнун саммитине байланыштуу ар кандай иш чараларга, жол кыймылына болуп көрбөгөндөй чектөлөр киргизилген. Ал тургай ошол учурда иши өтө зарыл эмес кызматкерлер, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер өргүүгө жиберилген ((https://www.interfax.ru/world/1099426). Конок келсе кут келди деп сүйүнгөн меймандос кыргыз наркынан тайбасы анык. Болгону аткаруучулар аша чаап, эл-журтка орой мамиле кылбаш керек.
Казыбек Усупов, тарыхчы



