Башкы беткеМинистрлер кабинети191 миңден ашык балага "Бала ырысы" төлөнө баштады

191 миңден ашык балага “Бала ырысы” төлөнө баштады

«Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун берүү боюнча долбоордун алгачкы жыйынтыктары талкууланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улан Маматкановдун төрагалыгында өткөн кеңешмеде айтылды.

Маалыматка караганда, 1-августка карата жөлөкпул алуу үчүн 193 миңден ашык арыз катталган. Учурда 191 миңден ашык жөлөкпул дайындалып, төлөмдөрдү жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 235,8 млн сом багытталган.

Улан Маматканов жөлөкпулду дайындоо жана төлөө жараяны жөнөкөй, даректүү жана ачык-айкын болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик колдоого укуктуу ар бир бала жөлөкпулду бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жана негизсиз кечигүүлөрсүз өз убагында алышы зарыл.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга аныкталган маселелерди ыкчам чечүү жана маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштерди аяктоо тапшырылды. Ошондой эле жооптуу органдарга тапшырмалардын аткарылышы тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип туруу милдети коюлду.

Эске салсак, «Бала ырысы» жөлөкпулу төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарга үй-бүлөнүн кирешесине, ата-энесинин иштеген-иштебегенине жана башка социалдык-экономикалык шарттарына карабастан берилет. Анын ай сайынкы өлчөмү 1 200 сомду түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар