Быйыл Кыргызстан боюнча жалпы 683 гектар жер аянтын камтыган 65 айыл чарба кооперативи түзүлүп, ишмердүүлүгүн баштады.
Кооперативдердин эң көбү Талас облусунда – 18, Ош облусунда – 17, Чүй облусунда – 10, Ысык-Көлдө – 8, Нарында – 6, Баткенде – 4 жана Жалал-Абад облусунда 2 кооператив түзүлгөн.
Бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылы бекиткен 2023–2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Программанын негизги максаты – майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде кооперативдерге бириктирип, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.



