Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Бугац шаарында өткөн Улуу Хунн-Түрк Курултайына жана Лакителекте уюштурулган эскерүү аземине катышты.
Үч күнгө созулган Курултай Венгриянын «Туран» фонду тарабынан уюштурулуп, ага ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттерден, ошондой эле 27ден ашуун түрк коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын алкагында улуттук спорт, музыка, кол өнөрчүлүк жана башка маданий программалар тартууланды.
Кубанычбек Өмүралиев жалпы тарыхый жана маданий мурасты сактоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн Венгрияга жана «Туран» фондуна ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Венгриянын ТМУнун Европадагы байкоочу мүчөсү катары Түрк дүйнөсү менен Европанын ортосундагы диалогду өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.
Сапардын жүрүшүндө ТМУнун Башкы катчысы Лакителек шаарындагы Ата-бабалар паркында өткөн эскерүү аземине да катышты. Анда түрк дүйнөсүнүн залкар инсандарынын элесине таазим этилип, алардын эстеликтерине гүлчамбарлар коюлду.



