“Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин анын аймагы кошумча жашылдандырылат. Жаңы жолдун жээгине бак-дарактар отургузулуп, газон төшөлөт.
Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, жашылдандыруу иштерин ноябрь айынан баштоо пландалууда. Жаңы жолдун боюндагы бош жерлерге газон төшөлүп, көчөттөр отургузулат.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов реконструкция учурунда аэропорттун аймагындагы жашыл бак-дарактарды мүмкүн болушунча сактоого аракет жасалганын белгиледи.
Ошондой эле жайкы ысыктан улам учурда ири көчөттөрдү отургузуу пландалбай турганын, негизги жашылдандыруу иштери күзгө жакын башталарын айтты.



