Башкы беткеКоомКараколго жакын аймакта жер титиреди

Караколго жакын аймакта жер титиреди

18-августка караган түнү Каракол шаарына жакын аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 02:21де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Кеолю-Тоо кырка тоосунун аймагында жайгашкан.

Очок Майлы-Саз айылынан 22 чакырым түштүк-батышта, Каракол шаарынан 52 чакырым түштүк-чыгышта болгон.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү өлкөнүн калктуу конуштарында сезилген эмес.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар