Кыргызстан менен Россиянын “Борбор-2026” аттуу биргелешкен аскердик машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Ага ылайык, машыгуу 11–17-август күндөрү Ысык-Көлдөгү “Эдельвейс” полигонунда өттү. Ага 500гө жакын аскер кызматкери катышып, 100гө чейин техника, анын ичинде FPV-дрондор жана эки өлкөнүн армиялык авиациясы тартылды.
Бир апта ичинде аскерлер практикалык тапшырмаларды аткарып, ар кандай шартта курал-жарак менен техниканы колдонууга машыкты.
Эскерте кетсек, россиялык аскерлер Кыргызстанга 7-август күнү келген.



