Ноокат районундагы А.Мирмахмудов айыл аймагында чөп базарында соода кылган жарандар Кыргызстандын Кызыл китебине кирген кумай кушун таап алышты.
Табылган сейрек кездешүүчү куш Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын инспекторлоруна өткөрүлүп берилген.
Ошол эле күнү кумай Ноокат райондук ветеринария башкармалыгына жеткирилип, ветеринардык кароодон өткөрүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында куштун ден соолугунун абалы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери жоктугу аныкталды.
Ветеринардык кароодон кийин сейрек кездешүүчү куш коопсуз жана жашоосуна ылайыктуу табигый чөйрөсүнө кайра кое берилди.



