Башкы беткеКоомКыргызстанда быйыл 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү

Кыргызстанда быйыл 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү

2026-жылы Кыргызстан боюнча жалпы 683 гектар жерди камтыган 65 айыл чарба кооперативи түзүлүп, ишин баштады.

Аймактар боюнча эң көп кооператив Талас облусунда түзүлүп, алардын саны 18ге жетти. Ош облусунда 17, Чүй облусунда 10, Ысык-Көлдө 8, Нарында 6, Баткенде 4, Жалал-Абадда 2 кооператив уюштурулду.

Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү иштери Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы №418 токтому менен бекитилген 2023–2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Программанын негизги максаты — майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү өз ыктыяры менен кооперативдерге бириктирип, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар