Башкы беткеПрезидентГармония сулуулукту жаратат: Улуттук тарых музейинде көргөзмө ачылды

Гармония сулуулукту жаратат: Улуттук тарых музейинде көргөзмө ачылды

Улуттук тарых музейинде «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөрү» аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземи өтүүдө.

Көргөзмө Кыргызстандын Улуттук тарых музейи, Кытайдын Тяньцзинь музейи жана Ички Монголия музейинин кызматташтыгынын алкагында уюштурулган. Иш-чаранын негизги максаты — эки өлкөнүн музейлеринин ишмердүүлүгүн таанытуу, маданий диалогду бекемдөө, гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана кыргыз-кытай элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү.

Экспозицияга үч музейдин фондунан тандалып алынган 235 уникалдуу тарыхый артефакт коюлду. Алар кылымдар бою Кытайда искусствонун, кол өнөрчүлүктүн, философиянын жана эстетикалык салттардын өнүгүшүн чагылдырат. Көргөзмөнүн өзөгүн кытайдын руханий маданиятындагы «гармония» түшүнүгү түзөт. Анда адам менен жаратылыштын, өткөн менен келечектин, ошондой эле ар түрдүү маданияттар менен элдердин ортосундагы ынтымак идеясы камтылган.

Экспонаттар аркылуу көрүүчүлөр Байыркы Кытай цивилизациясынын калыптануу тарыхы, анын көркөм жетишкендиктери жана бүгүнкү күнгө чейин маанисин жоготпогон маданий баалуулуктары менен жакындан тааныша алышат. Көргөзмө Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Тяньцзинь музейинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары, иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин маданий программасынын жана Улуу Жибек жолунун «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери, окумуштуулар жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышууда.

Уюштуруучулардын пикиринде, мындай маданий иш-чаралар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жана эки элдин тарыхый-маданий мурастарын өз ара таанууга өбөлгө түзөт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар