Бүгүн, 18-августта Кадамжай шаарында айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Ага жергиликтүү фермерлер жана жеке ишкерлер катышып, өздөрү өндүргөн эт-сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди жана башка айыл чарба продукцияларын сатууда.
Жарманкеде азык-түлүктөр керектөөчүлөргө түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жеткиликтүү баада сунушталууда. Бул шаар тургундарынын сапаттуу азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен бирге жергиликтүү фермерлерди жана өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, мындай жарманкелер ички рынокту ата мекендик продукциялар менен камсыздоону кеңейтүүгө, өндүрүүчү менен керектөөчүнүн түз байланышын түзүүгө жана айыл чарба продукцияларын сатуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Иш-чара органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагындагы демилгелер менен да байланыштуу.
Белгилей кетсек, Президенттин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен 11-февраль — Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү деп белгиленген. Документ органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана экологиялык жактан таза, сапаттуу продукция өндүрүүгө көңүл бурууну күчөтүүгө багытталган.



