Кабардин-Балкариядагы аты жок чокулардын бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү сунушталды.
«Акындар жолу» долбоорунун экспедициясынын катышуучулары Безенги капчыгайындагы аты жок чокулардын бирине чыгып, ал жерге «Чыңгыз Айтматов чокусу» деген жазуусу бар эстелик такта орнотушкан. Экспедиция 2026-жылдагы чокуга чыгуусун кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымына арнаган. Ага 21 адам катышкан.
Башкыр университетинин ректору Саламат Сагитовдун маалыматына караганда, чокуга Айтматовдун ысымын берүү азырынча расмий чечим эмес. Бул — экспедициянын сунушу.
«Акындар жолу» долбоору Кабардин-Балкарияда 2018-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоордун алкагында белгилүү акын-жазуучулардын урматына бир катар тоо чокуларына алардын ысымдары берилген. Алардын арасында Мустай Карим, Кайсын Кулиев, Алим Кешоков жана башка адабият өкүлдөрүнүн ысымдары бар.
Экспедициянын катышуучулары Чыңгыз Айтматовго арналган сапар учурунда чокудан атайын таштарды алып келишкен. Аларды Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун музейине тапшыруу пландалууда.
Чыңгыз Айтматовдун ысымын Ооусиядагы тоо чокусуна берүү демилгеси жазуучунун чыгармачылык мурасын эл аралык деңгээлде даңазалоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.




