Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды

18-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев залкар жазуучу, мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдыктын алкагында Бишкектеги жазуучунун үй-музейине барды.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери музейдин абалы менен таанышты.

Касымалиев музейдеги экспонаттардын сакталышы, материалдарды коргоо шарттары жана Чыңгыз Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылыгына арналган экспозицияларды көрүп чыкты.

Ал үй-музейдин тарыхый жана маданий маанисин белгилеп, аны жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы менен байланышкан өзгөчө маанилүү жай катары баалады.

Жолугушууда музейдин мындан аркы ишмердүүлүгү жана анын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын планына ылайык, Бишкекте “Айтматов ордосу” комплексин түзүү боюнча долбоордук иштерди жүргүзүү, сынак өткөрүү жана курулуш иштерин уюштуруу каралган.

Сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар