18-августта Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып жаткан “Мамай” эл аралык өткөрмө пунктунун абалы жеринен көрүлдү.
Учурда өткөрмө пунктун ачуу жана Кербен–Мамай автожолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул демилге Аксы району үчүн гана эмес, кыргыз-өзбек чек ара аймагындагы соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды өнүктүрүү үчүн да маанилүү мүмкүнчүлүк түзөт.
Өткөрмө пункту ишке кирсе, жергиликтүү тургундардын өз продукциясын коңшу өлкөгө экспорттоосуна, соода-сатыкты кеңейтүүгө жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга шарт түзүлөт.
Мындан тышкары, аймактын туристтик потенциалын пайдаланууга жол ачылат. Атап айтканда, Падыша-Ата, Сары-Челек жана Кара-Камыш сыяктуу жаратылышы кооз жерлерге туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кербен–Мамай жолунун курулушу жана өткөрмө пунктунун ачылышы Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу түрткү берери күтүлүүдө.



