Башкы беткеКоомШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги айрым соода жайлары убактылуу жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги айрым соода жайлары убактылуу жабылат

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

18-августта Бишкек мэриясында укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык комиссиянын жыйыны өтүп, шаардагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Ага ылайык, 31-август жана 1-сентябрда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарында жайгашкан айрым ири соода борборлорунун иши убактылуу токтотулат. Алардын арасында ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча», «VEFA Центр», «Дом торговли», «Гоин», «Beta Stores 1» жана «Беш Сары Сити» бар.

Ошондой эле «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» базарлары 31-август, 1-2-сентябрда, ал эми «Орто-Сай» базары 31-август жана 1-сентябрда иштебейт. Мындан тышкары, 29-август саат 15:00дөн тартып шаардагы айрым жер астындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү убактылуу жабылат.

Мэриянын маалыматына караганда, расмий делегациялар өтүүчү маршруттардагы башка соода түйүндөрүнүн ишин да убактылуу токтотуу боюнча кошумча чаралар көрүлөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине шаар тургундары менен коноктордун коопсуз жана ыңгайлуу жетүүсү үчүн 21 багытта шаттл-автобустар уюштурулат. Эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштөөсү камсыздалат.

Ошондой эле 12 фан-зонада коопсуздук чаралары күчөтүлүп, укук коргоо органдары 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу эл көп чогулган жерлерде коомдук тартипти көзөмөлдөйт.

Бишкектин жылуулук, энергетика, газ жана башка муниципалдык кызматтары күчөтүлгөн иш режимине өткөрүлөт.

Мындан сырткары, жаңы окуу жылына карата мектептердин айланасында жол коопсуздугу күчөтүлүп, жол белгилери жана жөө өтмөктөр текшерилет. «Тревога» баскычтары менен видеобайкоо системаларынын иштөө жөндөмдүүлүгү да көзөмөлдөнөт.

Мэр Айбек Джунушалиев кабыл алынган чаралар биринчи кезекте шаар тургундарынын, коноктордун жана расмий делегациялардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар