Башкы беткеКоомКыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда 19-августта саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн силкинүүсү сезилген эмес.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар