Башкы беткеКоомБишкекте 22-августта айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет

Бишкекте 22-августта айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет

Бишкекте 22-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясына байланыштуу айрым көчөлөрдө транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, репетиция “Бишкек Арена” стадионунда өтөт. Ушуга байланыштуу саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаалардын жүрүүсүнө чектөө коюлат:

Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;

Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейин;

Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;

Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун сапарларын алдын ала пландап, мүмкүн болсо альтернативдүү каттамдарды пайдаланууга чакырды.

Ошондой эле шаар бийлиги убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар