Башкы беткеКоомОш: жарандар негизинен алимент, жер жана таза суу маселелери боюнча кайрылышты

Ош: жарандар негизинен алимент, жер жана таза суу маселелери боюнча кайрылышты

Кечээ,18-августта Ош облусунун жетекчиси Аманкан Кенжебаев облустун ар кайсы аймактарынан келген жарандарды жеке кабыл алды. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү социалдык, жер, коммуналдык жана сот маселелерине байланыштуу болду. Жарандардын арасында алимент өндүрө албай жаткан энелердин, зомбулукка кабылган адамдардын жана социалдык жардамга муктаж жарандардын көйгөйлөрү айтылды. Ошондой эле баласына байланыштуу маселелер боюнча да кайрылуулар түштү.

Жер маселеси да негизги көйгөйлөрдүн бири болду. Жарандар жер тилкесин бөлүп берүү, мыйзамсыз жер ээлөөлөрдү жөнгө салуу жана талаш жерлерди чечүү боюнча жардам сурашты.

Айыл аймактарындагы таза суу, жолдордун абалы жана электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилиши боюнча да бир катар маселелер көтөрүлдү. Мындан тышкары, соттун чечими чыкканына карабастан аткарылбай жаткан документтер жана сот адилеттигине жетүү боюнча арыздар каралды.

Бардык кайрылуулар протоколдук түрдө катталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга чечүү үчүн тапшырмалар берилди. Мыйзамдын чегинде чечиле турган маселелер боюнча жарандарга түшүндүрмө берилди.

Аманкан Кенжебаев жарандардын ар бир кайрылуусу көзөмөлгө алынарын белгилеп, калктын көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар