Ысык-Көл облусунда «Тескей» геопаркын түзүү боюнча иштер улантылууда. Бул маселе облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратында Кыргызстандын тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын төрагалыгында өткөн жыйында талкууланды.
Жыйынга Балыкчы шаарынын мэри, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жетекчилери, демилгелүү топтун, тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Динара Кемелова Кыргызстанда геопарктарды түзүүгө укуктук негиз берген мыйзамдын кабыл алынганын белгилеп, мындай аймактардын тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүүдөгү маанисине токтолду. Жыйында «Тескей» геопаркын түзүү демилгесинин бет ачары өткөрүлүп, долбоорду ишке ашыруунун кийинки кадамдары жана практикалык маселелер талкууланды.
Катышуучулар геопаркты өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар менен жергиликтүү коомчулуктун биргелешкен иш алып баруусу маанилүү экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, демилге 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин Жол картасынын алкагында ишке ашырылууда.




