Башкы беткеМаданиятБишкекте «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт

Бишкекте «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт

Бишкекте 21–22-август күндөрү кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакль аркылуу тартууланат.

Спектаклдин салтанаттуу ачылышы 21-августта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында өтөт. Анда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамбли өнөрүн тартуулайт.

Музыкалык-хореографиялык спектаклде музыка, бий жана сахна өнөрү аркылуу «Манас» эпосунун көркөм дүйнөсү чагылдырылат.

Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого жана чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Спектакль 21–22-августта саат 19:00дө өтөт. Көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар