Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министр институттун жаңы окуу жылына даярдыгына, студенттер үчүн түзүлгөн шарттарга жана материалдык-техникалык базасына көңүл бурду.
Жолугушууда окуу процессин уюштуруу, окутуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу жана студенттердин сапаттуу билим алуусуна зарыл мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелери талкууланды.
Гульзат Исаматова аймактардагы жогорку окуу жайлардын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана студенттер үчүн сапаттуу билим алууга ылайыктуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Сапардын жыйынтыгында жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилип, институттун жаңы окуу жылын уюшкандыкта баштоого даярдык иштерин өз убагында аяктоо милдеттендирилди.




