Башкы беткеМинистрлер кабинетиКурулуш министри “Эмаком” турак жай комплексинин маселесин жеринде чечти

Курулуш министри “Эмаком” турак жай комплексинин маселесин жеринде чечти

Президенттин тапшырмасы менен дагы бир көйгөйлүү объект болуп келген “Эмакомдун” тиешелүү документи тапшырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев 18-августта Ош шаарындагы “Эмаком” компаниясы тарабынан курулган турак жай комплексинин жашоочулары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн уккан.

“12 кабаттуу турак жайдын курулушу аяктаганына карабастан, объектти пайдаланууга кабыл алуу боюнча шайкештик актысы алынбай, жашоочулар бир катар көйгөйлөргө туш болуп келишкен. Тактап айтканда, тиешелүү документтердин толук чечилбегендигинен улам коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр коммерциялык тарифте жүргүзүлүп, газ менен камсыздоодо да кыйынчылыктар жаралган”, – деп айтылат маалыматта

Министр Нурдан Орунтаев маселени жеринде уккандан кийин тиешелүү башкармалыктарга көйгөйдү мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырма берген. Анын негизинде 19-августта Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан аталган объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы берилди.

Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев министрликти жетектеп келген учурда мыйзамсыз курулган көп кабаттуу объектилердин саны 200гө жакын болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 10го жакын калганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар