Башкы беткеКоомАбанын булганышын көзөмөлдөө үчүн жаңы жабдык ишке кирет

Абанын булганышын көзөмөлдөө үчүн жаңы жабдык ишке кирет

Кыргызстанда абанын булганышын күчөтүшү мүмкүн болгон температуралык инверсияларды аныктоо үчүн атайын мониторинг жүргүзүлө баштайт. Бул багыттагы система Борбордук Азияда биринчи жолу колдонулууда.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргызгидрометке МТР-5 метеорологиялык жабдуусун тапшырды.

Аппарат жерден 1 миң метрге чейинки бийиктиктеги абанын температурасын өлчөйт. Анын жардамы менен адистер температуралык инверсиянын пайда болгонун аныктай алышат.

Температуралык инверсия маалында жерге жакын аба катмары жогору көтөрүлбөй, кыймылсыз абалга жакындайт. Мындай шартта түтүн, чаң жана башка зыяндуу бөлүкчөлөр тарабай, шаар үстүндө топтолуп калат. Натыйжада абанын булгануу деңгээли жогорулашы мүмкүн.

Жаңы жабдык мындай көрүнүштөрдү туруктуу көзөмөлдөөгө жана абанын булганышына аба ырайынын таасирин так баалоого шарт түзөт.

Мониторингдин жыйынтыктары абанын сапатынын начарлашынын себептерин аныктоодо жана булганууну азайтууга багытталган чараларды пландоодо колдонулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар