Чүй облусунда айнек продукциясын өндүрүүчү «Гласс борбор» ишканасын август айынын аягында ишке киргизүү пландалууда.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жаңы ишканада 300 жумуш орду түзүлөт. Өндүрүштүн кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метр, жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукция чыгарууга жетет.
Ишканада айнек пакеттер жана жарыкты чагылдыруучу айнектер өндүрүлөт.
Долбоордун негизги максаты — ички рынокту ата мекендик продукция менен камсыз кылуу, импорттук материалдарга болгон көз карандылыкты азайтуу жана өлкөдөгү өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүү.
Ишкананын ишке кириши Чүй облусунда жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.



