20-августка караган түнү саат 01:08де Нарын облусунда жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогундагы күчү 4,2 магнитудага жетип, силкинүүнүн интенсивдүүлүгү 4 балл болгон.
Жер титирөө Көк-Жар, Ак-Кыя, Ак-Булак, Кара-Кече, Миң-Куш жана башка аймактарда 3–3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



