Башкы беткеКоомБишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтөт

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтөт

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү көрүнүктүү режиссёр Альгимантас Видугиристин элесине арналган II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтөт.

Беш күндүк фестивалдын алкагында даректүү тасмалар көрсөтүлүп, режиссёрлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, бет ачарлар, питчинг, шоукейс жана кесиптик талкуулар уюштурулат.

Фестивалдын негизги аянтчалары OloloErkindik жана «Ала-Тоо» кинотеатры болот. Иш-чараларга кирүү акысыз.

Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда саат 18:30да «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт. Анда А. Видугиристин «Нарын күндөлүгү» жана Т. Ибрагимовдун «Альгимантас Видукыргыз — кинорежиссёрдун аялынын сырын ачышы» тасмаларынын бет ачары болот.

Фестивалдын сынактык программасында толук жана кыска метраждуу даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө «Эң мыкты тасма», «Эң мыкты режиссёр», «Калыстар тобунун атайын сыйлыгы» жана «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү» номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Байге фондунун жалпы суммасы 80 миң долларды түзөт. Мындан тышкары, фестивалда биринчи жолу Algimantas Vidugiris Award сыйлыгы ыйгарылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар