Кыргызстанда бензин, дизель майы жана автогаздын баасын кескин кымбаттатпоо үчүн күйүүчү-майлоочу май импорттоочу компанияларга бюджеттен болжол менен 1 млрд сом субсидия берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, учурда АИ-92 бензининин иш жүзүндөгү баасы 111–118 сом болсо, керектөөчүлөргө 87,9 сомдон сатылууда. Баадагы 23,1–30,1 сомдук айырма мамлекеттик субсидиянын эсебинен жабылууда.
Дизель майынын өздүк наркы 125–137 сомду түзгөнү менен, анын баасы 99,9 сом деңгээлинде кармалып турат. Автогаздын иш жүзүндөгү баасы 51–54 сом болсо, калкка 48,8 сомдон сатылууда.
Мындай чара күйүүчү майдын дүйнөлүк баасынын өсүшүнө байланыштуу киргизилген. Мамлекеттик субсидия 25-майдан 30-сентябрга чейин колдонулат. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев күйүүчү майдын баасы мындан ары дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирген.
Белгилей кетсек, Кыргызстан жылына болжол менен 2 млн тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот.



