Ысык-Көл облусунда кар көчкү коркунучун алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү боюнча бир катар объектилер курулууда.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев 19–20-августта облуска болгон иш сапарынын алкагында курулуштардын жүрүшү менен таанышты.
Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа базасынын аймагында кар көчкү станциясы курулуп жатат. Долбоордо эки автоматтык метеорологиялык станцияны жана адистер үчүн кызматтык имаратты куруу каралган.
Станциянын ишке кириши менен аймактагы кар көчкү коркунучун жана аба ырайынын өзгөрүшүн туруктуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алынган маалыматтар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулат.
Канатбек Чыныбаев курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарына ылайык бүткөрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Түп районунун Кең-Суу айылында жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулушу башталганы маалымдалды. Заманбап имаратта куткаруучулардын ыкчам иштөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлөт.
Министр Ысык-Көл районунун Темир айылындагы сел өткөрүүчү каналдын курулушунун жүрүшүн да текшерди. Долбоор 200дөн ашык турак жайды, айдоо аянттарын жана Бишкек–Каракол унаа жолунун 600 метрге жакын бөлүгүн селден коргоого багытталган.
Ананьево айылында курулуп жаткан №33 жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн иштери да каралды.



