Ош шаарындагы мурдагы борбордук базардын ордуна маданий, туристтик жана эс алуу комплекси курулат. Бул тууралуу 20-августта Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен базардын менчик ээлеринин ортосунда меморандумга кол коюлду.
Жаңы комплекстин курамында байыркы Ош шаарынын тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрү болот.
Курулуш менчик ээлеринин ири көлөмдөгү инвестициясынын эсебинен жүргүзүлөт. Ошондой эле жер ээлерине компенсация берүү маселеси долбоордун алкагында каралат.
Курулуш иштерин 1-сентябрдан тарта баштоо пландалууда.



