Башкы беткеМинистрлер кабинетиАйыл чарба министрлиги оруп-жыйноо жана күзгү айдап-себүүгө даярдыкты талкуулады

Айыл чарба министрлиги оруп-жыйноо жана күзгү айдап-себүүгө даярдыкты талкуулады

Бүгүн, 20-августта МинКаб Төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгында министрликтин коллегиялык жыйыны өттү.

Жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык маселелери каралды.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана башка керектүү ресурстар менен камсыз кылуу, ошондой эле техникалардын даярдыгы талкууланды.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, агроөнөр жай комплексин 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасы жана «Агросмарт» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү каралды.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков оруп-жыйноо жана күзгү талаа иштерин өз убагында, уюшкандыкта өткөрүп, дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылууну тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар