Бишкекте Агартуу министрлиги уюштурган «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө» аталышындагы улуттук педагогикалык форум өтүп жатат.
Иш-чарага 400дөн ашуун мугалим, мектеп директору, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин администрациясынын жана аймактардагы өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү да катышууда.
Форумдун негизги максаты — мектептик билим берүү системасын жаңылоо, 12 жылдык билим берүү моделине өтүүдө аткарылган иштерди талкуулоо жана алдыдагы милдеттерди аныктоо.
Эки күндүк иш-чаранын алкагында «Жаңы окуу жылына карата чечимдер» аттуу панелдик талкуу жана «Министрлик жооп берет» форматындагы ачык диалог өтөт. Анда билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, катышуучулардын суроолоруна жооп берилет.
Ошондой эле форумдун программасында билим берүүнүн негизги багыттары боюнча секциялык жыйындар жана Улуттук тарых музейине экскурсия каралган.



