Башкы беткеМаданиятУлуу адамды уңгулуу иш, ой, идеялар менен даңазалайлы

Улуу адамды уңгулуу иш, ой, идеялар менен даңазалайлы

Залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш–чаралардын планы бекитилип, мааракени өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети иштиктүү иштеп жатат.

Илгери кыргыз “Баарын коюп Манасты айт” десе, Айтматовдой дүйнөлүк деңгээлдеги феномен жаралганы азыркы муундагылар Манаска кошуп, Айтматовду ысымын сыймыктануу менен айтуу салтка айланып баратат.

2028-жылы Кыргызстанда улуу жазуучунун 100 жылдык мааракеси белгиленет. Бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Биз Айтматовду даңазалоо менен Кыргызстанды жана кыргыз улутун даңазалай турганыбыз турулуу иш. Учурда 100 жылдык мааракени татыктуу өткөрүүгө карата мамлекеттик деңгээлде иштер болуп жатат.

Учурда «Чыңгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу кызуу жүрүп, аны «Айтматов ааламы» деп кайра атоо, курулушун аяктоо жана инфраструктурасын туризмдин эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү аракеттери болууда. Буюрса, курулуш иштери өз убагында көз жоосун алгыдай ишке ашат деген ойдобуз.

Мааракеге карата Бишкек шаарында Ч. Айтматов ордосун түзүү боюнча долбоорлоо, конкурс жарыялоо жана курулуш иштерин уюштуруу пландалганы белгилүү. Мунун баары зарыл иштер. Колдоого арзыйт.

Бийик  чокулардын  бирине, көчөлөргө,  мектептерге, китепканаларга  жана  башка объекттерге  Ч. Айтматовдун ысымын ыйгаруу да мына ошондой күндөлүк аткарыла турган иштер экени айтпаса да түшүнүктүү.

«Чыңгыз Айтматов, дүйнөлүк адабият жана цивилизациялык диалог» темасында эл аралык илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын философиялык, тарыхый жана маданий аспекттерин талдоо: – айтматов таануунун актуалдуу багыттары; – Ч. Айтматовдун мурасынын илимдеги ордун чагылдырган көргөзмө; – конференциянын материалдарынын жыйнагын чыгаруу;

Атайын эл аралык коноктор үчүн кыргыз жана орус тилдеринде 12 томдук жыйнакты (24 китеп) белек катары жасалгалоо менен басып чыгаруу, ошондой эле  энциклопедиялар сериясын чыгаруу да зарыл экенин эч ким талашпаса керек. Бул эми республикалык масштабда орто мектептерден баштап жогорку окуу жайлары, илимий мекемелердин деңгээлиндеги өткөрүлө турган түп көтөрө баарыбыз катыша турган иш чаралар.

Ошону менен катар 100 жылдык мааракеге карата аткарылуучу иш-чаралардын планында ТИМ, ЮНЕСКО  иштери боюнча  КР  улуттук комиссиясы, УИАнын  Ч.  Айтматов атындагы  Адабият институту аткара турган иштер бар.

Булар – ЮНЕСКОнун деңгээлинде иш-чараларды уюштуруу:

– Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгын ЮНЕСКОнун көрүнүктүү инсандардын жана тарыхый окуялардын мааракелик даталарын белгилөө боюнча программасына киргизүүгө өтүнмө берүү, ошондой эле БУУга 2028-жылды Айтматов жылы деп жарыялоо жөнүндө сунуш киргизүү;

– Ч. Айтматовдун мааракесине арналган резолюциянын долбоорун ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин 225-сессиясынын кароосуна киргизүү жана ЮНЕСКОнун штаб-квартирасынын башкы залында фотокөргөзмө уюштуруу;

– Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан ЮНЕСКОнун жетекчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда (маданият же билим берүү министринин деңгээлинде) кабыл алууну өткөрүү. Мунун баары мамлекет тарабынан кабыл алынган пландар. Баары дурус.

   Арийне, улуу жазуучунун мааракеси 2028-жылы өтөт, ага чейин убакыт бар. Айтматовдун 100 жылдыгын татыктуу белгилеш үчүн жалпы элдик ойлор, сунуштар айтылса, өкмөт тарабынан түзүлгөн планга толуктоолор болсо жакшы болор эле. Мына ошондо улуу жазуучунун 100 жылдыгы бир кылымдык жалпы улуттук майрамга айланмак. Сунуш, демилге демекчи, “Кыргыз Туусу” гезити өз сунуштарыбызды айтып, өткөн сандарыбыздын бирине жарыялаганбыз. Бул жолу Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдин уюштуруу комитетинин жыйынындагы сунуштарын окурмандардын назарына сунуштайбыз.

 

Каныбек Иманалиев,

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: “Айтматов улуттун эн тамгасындай”

“Манас” эпосу – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” болуп, кыргыз улуту өчүп баратканда от болуп күйүп, түгөнүп баратканда түтөгөн, чөгүп баратканыбызда түркүк болгон касиетке ээ болгондой, азыркынын улуу Айтматову улуттун эн тамгасындай болуп бизге жол көрсөткүч болуп туру. Качан да болсо улутка кандай кызмат кылуу керек, кандай адамдык асыл сапаттарга ээ болуу керек дегенде аны эстейбиз.

Андыктан, улуу жазуучунун 100 жылдык юбилейине карата уңгулуу демилгелер керектиги айтпаса да түшүнүктүү чыгар.

Биринчиси, Ч.Айтматовдун 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу тобу ислам кызматташтыгына иштиктүү сунуштар, демилгелер жана долбоорлор менен чыкса жаман болбос эле. Мусулман дүйнөсүндөгү калктын саны 2 миллиарддан ашат. Ислам элдеринен чыккан жазуучулар арасында 2 жылда бир бериле турган Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык уюштуруп, байге фондусун жүз миң доллар кылып белгилегенге неге болбойт.

Экинчи сунуш, эгер 10 миң сом номиналындагы банкнот чыгарып калсак, анда Айтматовдун сүрөтү менен болсо.

Үчүнчү сунуш, бизде Ысык-Көлдө, Чолпон-Атанын чок ортосунда паркта Чыңгыз Айтматовдун каармандарына арналган ачык асман алдында музей бар. Бишкектеги эмен багында да, Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын айкелдери коюлган. Ушул таш музейдин уландысы катары, Айтматов каармандарынын эстеликтеринин музейин уюштурсак. Ага дүйнөлүк скульпторлор катышса да, ошону үчүн эл аралык скульпторлордун симпозиуму өтсө.

   Төртүнчү сунуш, Кыргызстанда жыл сайын кино фестиваль өтөт. 2028-жылды Айтматовго арнасак, эл аралык кино фестивалын, эл аралык театр фестивалын өткөрсөк.

Бешинчи сунуш, 2028-жылы, улуу жазуучунун жүз жылдыгында, дүйнөдөгү Айтматов таануучулар менен манас таануучуларды башын бириктирип, конгресс өткөрсөк, кылымга калар сөз болор эле. Бүт өмүрүн Айтматовдун чыгармаларын, каармандарын изилдөөгө арнаган Г.Гачев өзү да, аялы да, кызы да өтүп кетти. Ошондой көрүнүктүү айтматов таануучуларга жана манас таануучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырсак, башка элдерден кыргыз адабият таануучуларынын жаңы мууну өсүп чыкканга түрткү болмок.

Алтынчы сунуш, Айтматов чыга элек, которула элек кээ бир дүйнөлүк тилдер бар. Мисалы үчүн, Кытайдын же Индиянын диалектикалык тилдерин алалы. Арийне, ал тилдер деле жыйырма-отуз миллион адамды камтыйт. Ошол тилдерге которсок.

Жетинчиси, азыр техниканын заманы. Айтматов адабий сайтын ачсак кандай болор эле. Ал сайтка Айтматовдун чыгармаларын түгөлү менен киргизип, улуу жазуучунун чыгармалары кайсы тилдерге которулса, ошол варианттарын киргизсек, Айтматов тууралуу адабий иликтөөлөрдү ошол тилдерде сайтка жайгаштырсак, Айтматовдун каармандарынын айкелдери деген бөлүм болсо, анда Айтматов тууралуу кыл калем чеберлеринин картиналарын, скульпторлордун эмгектерин галерея кылып жарыяласак, Айтматовду даңазалаган болор элек. Бул көп деле чыгым талап кылат. Бирок, кыргыз улутун, кыргыз рухун, кыргыз демин, көркөм акыл-эсин дүйнөгө таанытмак.

Мындан тышкары, видео, 100 жылдык анимацияны пайдаланып, Айтматовду пайдаланып, Би-Би-Синин стилинде дүйнөнүн биз менен алака катышы бар өлкөлөрүндө, асыресе чоң-чоң өлкөлөрдө, Москвада, Берлинде, Пекинде, Нью-Йоркто, Парижде Айтматовдун 100 жылдыгы өтсө, ал жактагы элчилерибиз уюштуруу иштеринин башында турса, кандай жакшы болмок.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар