Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө» аттуу улуттук педагогикалык форумда сөз сүйлөдү.
Ал билим берүү системасын заман талабына ылайык жаңылоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жасалма интеллектти киргизүү, жекелештирилген окутуу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн экинчи этабын негизги милдеттердин катарына кошту.
Касымалиевдин айтымында, акыркы жылдары билим берүү тармагына мамлекеттик колдоо кыйла өскөн. Тактап айтканда, тармакты каржылоо 2021-жылы 40 млрд сом болсо, 2025-жылы 75 млрд сомго жеткен.
Акыркы беш жылда өлкөдө 390дон ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашык мектеп оңдолгон. Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээли да 22 пайыздан 51 пайызга чейин өскөн. Өкмөт бул көрсөткүчтү 2030-жылга чейин 80 пайызга жеткирүүнү көздөөдө.
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн келечеги бүгүнкү күндө балдар алган билимге жана мугалимдердин эмгегине байланыштуу экенин белгиледи.




