Башкы беткеМинистрлер кабинетиМанас шаарындагы үч ири объекттин сметасы кайра каралып, 1,1 млрд сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы үч ири объекттин сметасы кайра каралып, 1,1 млрд сом үнөмдөлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы ири социалдык объектилердин курулушу боюнча маалымат берип, долбоорлордун сметалык наркы кайра каралып, бюджеттик каражаттар үнөмдөлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, Манас шаарында курулуп жаткан үч ири объекттин долбоордук-сметалык документтери Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш министрлиги тарабынан кайрадан каралган. Натыйжада объектилердин жалпы наркы такталып, 1 млрд сомдон ашык бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Облустук клиникалык оорукана

Манас шаарында курулуп жаткан 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукананын алгачкы сметалык наркы 1,7 млрд сомдон ашык болгон. Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында анын наркы 1,5 млрд сом деп такталып, 74,9 млн сом үнөмдөлдү.

Ооруканада лаборатория, реанимация, операциялык, нейрохирургия, травматология, онкология, урология, көз жана ЛОР бөлүмдөрү жайгашат. Имараттын чатырында вертолет конуучу аянтча да каралган.

Учурда 7-кабаттагы опалубка иштери аяктап, дубалдарды тургузуу 5-кабатка чейин бүткөрүлгөн.

5 200 орундуу спорт комплекси

Спорт комплексинин алгачкы сметалык наркы 3 млрд сомдон ашык деп эсептелген. Кайра эсептөөнүн натыйжасында долбоордун наркы 2,6 млрд сомго чейин төмөндөтүлүп, 479 млн сом бюджеттик каражат үнөмдөлдү.

Комплексте 5 200 көрүүчүгө ылайыкталган спорт аянтчалары, эл аралык талаптарга жооп берген бассейн, машыгуу залдары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

“Акылман” мектеп-лицейи

“Акылман” атындагы Президенттик мектеп-лицейинин алгачкы сметалык наркы 2,1 млрд сомдон ашып, бир чарчы метринин баасы 1 103 доллар деп эсептелген.

Кайра эсептөөдөн кийин бир чарчы метрдин баасы 750 долларга чейин төмөндөтүлүп, долбоордун жалпы наркы 1,7 млрд сом деп такталган. Натыйжада 443,5 млн сом үнөмдөлдү.

Министр Нурдан Орунтаевдин айтымында, чыгымдарды оптималдаштыруу курулуштун сапатына таасир этпеши керек. Анын белгилешинче, мамлекеттик каражаттар үнөмдүү пайдаланылып, объектилердин сапаты жана функционалдуулугу толук сакталууга тийиш.

Учурда мектеп-лицейдин курулушу аяктап, аны жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоорго 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай, лабораториялар, китепкана, бассейн, спорт залы жана стадион кирет.

Үч объект тең Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө курулуп жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар