Ысык-Көлдө үч күн бою өткөн суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатына 14 миң 600 адам катышты. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эл аралык мелдештин Ысык-Көл облусунун жана жалпы Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири болжол менен 12,5 млн долларды түздү.
“Бул суммага туристтердин мейманкана, транспорт, тамак-аш жана иш-чарага катышууга кеткен чыгымдары кирет. Учурда маалыматтар такталууда, алдын ала эсеп боюнча экономикалык эффект 12,5 млн долларды түзүүдө”, — деди Кубатов.
Ошондой эле чемпионат өткөн күндөрү Бает айылындагы мейманканаларда бөлмөлөрдүн баасы өскөн. Тактап айтканда, суткалык баа 70 доллардан 400 долларга чейин жеткен.
Буга чейин Ысык-Көлдө суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты 31-июлдан 2-августка чейин өткөн.



