Сокулук айыл аймагында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган бир катар иштер аткарылды. Бул тууралуу аталган айыл аймактан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджетке 91,1 млн сом түшүп, каражаттын негизги бөлүгү инфраструктураны жакшыртууга багытталды.
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Иштыбаевдин маалыматына ылайык, көчөлөрдү оңдоо, асфальттоо жана тротуар курууга 51,8 млн сом бөлүндү. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо үчүн бир катар көчөлөргө жасалма жол тосмолору орнотулду.

Саз айылындагы жаңы спорт залдын курулушуна 21,5 млн сом каралып, учурда курулуш иштери уланууда. Ленин көчөсүндө 3,4 млн сомго футбол аянтчасы курулуп жатат. Ошондой эле алты балдар аянтчасы орнотулду.
Мындан тышкары, мектептер жана бала бакчалар оңдолуп, суу жана жылуулук тармактары жаңыланууда. Аймакты көрктөндүрүүгө 1,5 млн сомго жакын каражат бөлүнүп, көчөттөр жана гүлдөр отургузулду.
Алдыда ипподромду толук реконструкциялап, заманбап спорттук комплекске айландыруу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруу пландалууда.



