Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасын жана анын аймагындагы негизги объектилерди кыдырып көрдү. Анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборунун иши менен да таанышты.
Даярдык иштеринде ачылыш аземин жогорку деңгээлде өткөрүүгө, ошондой эле оюндардын катышуучулары жана чет өлкөдөн келген коноктор үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө басым жасалууда.
Иш сапардын жүрүшүндө президентке алдыдагы ачылыш аземинин айрым бөлүктөрү көрсөтүлдү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.



