Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом жумшалды

Кыргызстанда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом жумшалды

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында саламаттык сактоо тармагынын консолидацияланган бюджетинин аткарылышы 30 млрд 395,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, белгиленген бюджеттин 60,2 пайызы өздөштүрүлгөн.

Коллегиянын жүрүшүндө медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, саламаттык сактоо объектилеринин курулушун көзөмөлдөө, ошондой эле негизги оорулардын алдын алуу боюнча бир катар артыкчылыктуу милдеттер белгиленди.

Учурда өлкө боюнча 40тан ашык медициналык объекттин курулушу жүрүп жатат. Аларды ишке ашырууга 2026-жылы 13,2 млрд сом каралган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар