Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖаштар үчүн стажировка программасы дагы 24 аймакка кеңейтилет

Жаштар үчүн стажировка программасы дагы 24 аймакка кеңейтилет

Бишкекте жаштар үчүн стажировкаларды уюштуруу жана ишке ашыруу, ошондой эле кесиптик жана жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча үч күндүк тренинг жыйынтыкталды. Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы Чебер: көндүмдөрдү өнүктүрүү» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

Тренингде катышуучулар стажировкаларды уюштуруу, иш берүүчүлөр менен кызматташуу, стажёрлорду коштоо жана эмгек рыногуна ийгиликтүү чыгуу үчүн зарыл болгон көндүмдөр боюнча практикалык билим алышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаштардын стажировкадан өтүүсү боюнча пилоттук программа өлкөнүн 30 шаары жана районунда ишке ашырылып, анын натыйжалуулугун көрсөткөн.

Стажировка жаштарга алгачкы эмгек тажрыйбасын топтоого, алган билимин практикада колдонууга жана кесиптик жана коммуникациялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми иш берүүчүлөр үчүн бул потенциалдуу кызматкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жана өздөрүнүн талаптарына ылайык адистерди даярдоого шарт түзөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К. Досматов стажировканы жумушсуз жарандардын, иш берүүчүлөрдүн жана мамлекеттин кызыкчылыктарын айкалыштырган натыйжалуу механизм катары баалады.

Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Пилоттук долбоордун жыйынтыктарын эске алуу менен стажировка программасын өлкөнүн калган 24 аймагына кеңейтүү пландалууда. Ошондой эле жаңы иш берүүчүлөрдү тартуу жана кесиптик билим берүү уюмдары менен кызматташууну күчөтүү каралууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар