Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. 2026-жылы жүргүзүлгөн иштердин алкагында ат майданынын VIP-зонасы, конок бөлмөлөрү, трибуналары, административдик жайлары, жер төлөсү жана унаа токтотуучу жайлары жаңыртылды.

Мындан тышкары, инженердик тармактар оңдолуп, трибуналардагы отургучтар жана керамогранит жабуулары, башкы кире бериштеги граниттер, чатыр жана брусчаткалар жаңыланды. Суу түтүктөрү менен санитардык түйүндөр алмаштырылып, фонтандар жана канализация системасы да оңдолду.
Учурда ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык жүрүп жатат. Бул жерде сахна орнотуу, монтаждоо жана башка уюштуруу иштери аткарылууда.
Тарыхы 1930-жылдардан башталган Чолпон-Ата ат майданы бүгүнкү күндө 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан ири ат спорттук комплекстердин бири болуп саналат. Ал 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп, 2018-жылы толук жаңыланган.




