24-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына байланыштуу жүргүзүлгөн өнөктүктүн жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2025–2026-жылдары өнөктүктүн алкагында 1500дөн ашык эки тараптуу жолугушуу өткөрүлгөн. Ошондой эле 15 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүлүп, Кыргызстан дипломатиялык байланыш түзгөн БУУга мүчө мамлекеттердин саны 185ке жеткен.
Жыйында Кыргызстандын ар бир элчисинин өнөктүккө жана өлкөнүн Коопсуздук кеңешине ийгиликтүү шайланышына кошкон салымы талкууланды. Ошол эле учурда талапкерликти илгерилетүүдө пассивдүүлүк көрсөткөн айрым чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелердин жетекчилерине сын-пикирлер айтылган.
Белгилей кетсек, 3-июнда БУУ Башкы ассамблеясындагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн Филиппин менен атаандашкан. Алгачкы үч айлампада эки өлкө тең жетиштүү добуш ала алган эмес. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш алып, жеңишке жеткен.
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тарта баштайт.
Бул — Кыргызстандын тарыхында Коопсуздук кеңешине биринчи жолу шайланышы. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен буга чейин Казакстан 2017–2018-жылдары аталган кеңештин туруктуу эмес мүчөсү болгон.
БУУнун Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелерин караган негизги орган болуп саналат. Кеңештин курамында 15 мамлекет бар. Алардын бешөө — АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия — туруктуу мүчөлөр болуп, вето укугуна ээ.



