VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жол эрежелерин так сактоо жана атайын кызматтардын унааларынын техникалык абалын талапка ылайык камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген делегацияларды тосуп алуу жана белгиленген маршруттар боюнча коштоп жүрүү маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.



