Башкы беткеКоом25-август: Кыргызстанда тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

25-август: Кыргызстанда тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызгидромет кызматы 25-августка карата өлкө аймагындагы аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30…+35, Талас облусунда +25…+30, Ысык-Көл облусунда +16…+21, ал эми Нарын облусунда +23…+28 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +28…+30 градуска чейин жетет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар