Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармап туруу максатында мунай ташыган компанияларга мамлекет тарабынан 956 млн 139 миң сом субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы абалды талкуулаган жыйында билдирди.
Анын айтымында, субсидия берүү калкты жана экономиканын тармактарын колдоого багытталган мамлекеттик чаралардын бири. Күйүүчү майдын кымбатташы калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизбеши үчүн тиешелүү чаралар өз убагында көрүлүшү керектигин белгиледи.
Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, мамлекеттик субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы айырманы компенсациялоого багытталган. Мунай заттарынын түрүнө жараша бул айырма литрине болжол менен 20 сомдон 40 сомго чейин жетет.
Касымалиев бензиндин чекене баасын кармап туруу үчүн субсидиялоо иши мындан ары да улантыларын билдирди.
Жыйында мамлекеттик колдоо өз убагында көрсөтүлүп жаткандыктан, мунай ташыган компаниялардын аймактардагы май куюучу жайлары толук кандуу иштеп, күйүүчү май сатууга эч кандай чектөө болбошу керектиги белгиленди.
Мындан тышкары, өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү, мунай продуктулары менен иштеген компаниялар менен тыгыз кызматташуу жана импорт боюнча жаңы келишимдерди түзүү тапшырылды.
Ошондой эле импорттоонун жаңы механизмдерин кароо, мамлекеттик чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү жана өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча тапшырмалар берилди.



