Кыргызстанда колдонулган автомобилдик катализаторлорду жана алардын курамындагы баалуу металлдарды өлкөдөн алып чыгууга киргизилген тыюу дагы алты айга узартылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чектөө төмөнкү продукцияларга тиешелүү:
- колдонулган катализаторлорго;
- курамында металл бар шлактарга, күлгө жана таштандыларга;
- палладий, родий жана платинанын калдыктарына жана сыныктарына;
- глушителдерге, чыгуучу түтүктөргө жана катализатору бар алардын бөлүктөрүнө.
Экономика жана коммерция министрлигине тыюу салуунун киргизилгени тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына, ал эми Тышкы иштер министрлигине КМШнын Аткаруу комитетине кабарлоо тапшырылды.
Мындан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматына, Мамлекеттик салык кызматына жана чек ара органдарына аталган продукцияны мыйзамсыз алып чыгууга жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрүү милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, колдонулган катализаторлорду экспорттоого буга чейин киргизилген тыюу 2026-жылдын 25-февралынан тарта күчүндө болгон. Жаңы токтом менен чектөө дагы алты айга узартылды.
Кыргызстанда колдонулган катализаторлорду өлкөдөн алып чыгууга тыюу биринчи жолу 2021-жылдын августунда киргизилген. Андан бери чектөө бир нече жолу узартылып келген.
Бийлик бул чараны катализаторлордун курамында баалуу палладий, родий жана платина металлдары бар экендиги менен түшүндүрөт. Бул металлдарды алуу үчүн автоунаалардын катализаторлорун уурдоо учурларынын көбөйүшү жана экологиялык тобокелдиктер да чектөөнүн себептеринин бири катары айтылып келет.
Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



