Башкы беткеЭкономикаКыргызстандан 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттолду

Кыргызстандан 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттолду

2026-жылы Кыргызстандан 9 357,3 тонна кант экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдө кант кызылчасы 11 800 гектар жерге айдалды. Аны өстүрүү жана кант өндүрүшүн көбөйтүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен катар кайра иштетүү өнөр жайынын туруктуу иштешине жана ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Кант кызылчасын өстүрүүдө түшүмдүүлүктү жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды колдонуу жана дыйкандар менен кайра иштетүүчүлөрдүн кызматташтыгын күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Министрлик айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик продукцияны тышкы рынокторго чыгарууну кеңейтүү боюнча иштерди улантарын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар